​Бишкектеги үйдө баңгизат лабораториясы табылды (видео)

  • 4 года мурун

Бишкектин Алтымышев атындагы көчөдө жайгашкан жеке турак үйлөрдүн биринде каннабис (кара куурайдын өсүп турган кези) жана галлюциноген козу карындарын өстүргөн жашыруун баңгизат лабораториясы табылды.

Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бардык алынган заттар менен өсүмдүктөргө жеринде мөөр басылып, таразага тартылды. Алардын таңгагы менен жалпы салмагы 438,07 килограммды түздү.

Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты