Абылгазиев: «Аткезчилик менен күрөшүүнү системалуу деңгээлге чыгарабыз»

  • 4 года мурун

Өкмөт башчынын айтымында, чек аралардан жүк алып өтүүдө онлайн көзөмөл, оор салмактагы жүктөрдү көзөмөлдөөнүн электрондук системасы киргизилгенин белгиледи.

Анын натыйжасында 2019-жылдын 9 айынын ичинде ЕАЭБден импорттоодон кыйыр салыктын көлөмү 890 млн сомго көбөйдү, буга чейин бул көрсөткүч дайыма 500 млн сомго чейин, пландан ылдый болуп келген. Кытай менен чектешкен өткөрүү пункттарына инспекциялык-текшерүү комплекстери орнотулду.

«Кыргыз Республикасынын аймагында товардын жүрүшүн толук көзөмөлгө алуу үчүн «электрондук эсеп-фактуралар» бирдиктүү виртуалдык кампага киргизилет. Товар, жумуш жана кызматтардын бирдиктүү классификаторун киргизүү – товарлардын жүрүшүн жана позициялар боюнча сатылуусун көзөмөлдөөгө жол ачат. Электрондук-товардык коштомолорду колдонуу, товарларды санариптик аныктоо аркылуу белгилөө, жүк ташуучу автоунааларды маалыматтык система менен эсепке алуу – күйүүчү майларды жана башка товарларды ташуудагы аткезчиликти азайтат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аларды көзөмөлдөөнү жана салыктын толук төлөнүшүн камсыз кылат», — деди Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, товарларды электрондук декларациялоого, алыстан туруп бажылык тариздөөгө жана жүктөрдү электрондук система аркылуу бажы жагынан жол-жоболоштуруудан өткөрүү – өлкөнүн бажы органындагы коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө алып келет.

Бул тууралуу өкмөт башчы өкмөттүк жыйында билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты