​Айдоочунун жүрөгү ооруп, беш автоунаа кагылышкан

  • 4 года мурун

Бишкекте айдоочунун жүрөк дарты кармап, рулду башкара албай, анын кесепетинен беш автоунаа жол кырысыгына кириптер болду.

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Жибек жолу жана Акиев көчө кесилишинде кечээ, 26-январда, саат 15:30 чамасында болгон.

«Тойота Эстима» унаасынын айдоочусунун жүрөк дарты кармап, рулду башкара албай, светофордо токтоп турган унааны сүзгөн. Андан улам дагы үч унаа кагышкан.

Жол кырсыгынан «Тойота Камри», «Хонда Аккорд», «Хонда СРВ» унаалардын айдоочулары жана «Тойота Эстима» унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, материалдар ИИБ тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты