​АКШ мамкатчысы Помпео Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолугат

  • 4 года мурун

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Улуу Британиядагы сапарынан кийин февралдын башында Украина, Беларус, Казакстан жана Өзбекстанга келет.

Маалыматка караганда, Помпео 1-февралга белгиленген Казакстандагы сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев, экс-президент Нурсултан Назарбаев жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

2-февралда мамлекеттик катчы Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министр Абдулазиз Камилов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 3-февралда Помпео Ташкентте «С5+1» форматынын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугат.

АКШ мамлекеттик катчысынын бул сапары январдын башына белгиленген, бирок Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: AFR

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты