Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарында 15 кыргызстандык бар

  • 4 года мурун

Кытайдын коронавирус тараган Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студент жана жеке ишкер.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн 27-январдагы жыйынында билдирди.

Ниязалиевдин айтымында, Ухань шаарында 50 кыргызстандык болгон. Алардын бир тобу каникулга чыгып, Кыргызстанга кайтып келишкен, же Кытайдын башка жактарына чыгып кетишкен.

Кытайдагы элчилик код 86 жана тел. 132-20-60-36-80, Бишкектеги консулдук номери 0551-31-20-00

Министрлик Ухандагы кыргызстандыктар менен байланышып турат.

— Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок, — деди Ниязалиев.

Кытайда балдары же туугандары барлар маалыматты Кытайдагы элчилик код 86 жана тел. 132-20-60-36-80, Бишкектеги консулдук номери 0551-31-20-00 аркылуу алса болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты