​Жээнбеков Эрдоганга жана Түркия элине жер титирөөдө курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элазык провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Элазык провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм» деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Түркиянын Малатья жана Элазык шаарларында 24-январда жер титиреп, 19 киши каза тапты, 770 киши жабыркады. Ал эми акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 20 га жеткени маалымдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты