Тажикстандагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 24-январда, саат 13:09да Тажикстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай раонунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын — ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү