Жээнбеков: «Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 24-январда, Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Мамлекет башчы айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады.

«Чечимдер кабыл алынгандан кийин иш солгундап же такыр токтоп калган учурлар да бар. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат» деп белгиледи Жээнбеков.

Бир мисал, 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалган.

«Алар ишкерлерден, биздин жарандардан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Маалыматка ылайык, ишкерлерден системалуу түрдө пара талап кылууга бул мамлекеттик инспекциянын дээрлик бардык башкармалыктары аралашкан. Кылмышка шектелип кармалгандар экотехинспекциянын жетекчилиги менен чогуу бир имараттын ичинде, бир кабатта иштешкен» деп белгиледи Президент.

Президент мындай жетекчилер Президентти, өкмөт башчысын, жалпы эле мамлекеттик бийликти жаман атка калтырып жатканын кошумчалады.

«Бизнесмендерге, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн экотехинспекциядан башка мамлекеттик органдарда коррупционерлер жок дейсиңерби? Эл ичинде, бизнесмендердин арасында дээрлик бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде АКС, Финпол, Госстрой, ГРС сыяктуу элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга нааразылыктар айтылып жүргөнүн билем» деди Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты