​Жаш кызды сойкулукка мажбурлоого шектүүлөр кармалды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жаш кызды сойкулукка мажбурлоого шектүүлөрдү кармады.

Шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей,2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБине К. А. аттуу жаран кайрылган. Ал М. аттуу аялга чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Айтымында, 2019-жылдын 12-ноябрында шектүү аял 2003-жылы Р.Н. аттуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген анын жээнин сойкулукка мажбурлаган.

Экинчи арызында кайрылган жаран жээни Каракол шаарынан белгисиз кишилер тарабынан Бишкекке уурдалып кеткенин жазган.

Бул факты Бишкектин Ленин райондук ИИБинде 166-берене, сойкулукка тартуу жана 170-берене, киши уурдоо боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлеринин иликтөөсүнүн негизинде 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З. бул ишке шектүү катары кармалып, убактылуу жайга камалган.

Азыр иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты