Нарын облусунда жер титиреди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 21-январда саат 19:10до Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында — 4 балл, Шоро, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, Сегизинчи март, Сары-Иймек, Лесхоз — 3,5 балл, Ак-Булак, Кара-Ой, Учкун, Достук, Мин-Булак — 3 балл жана Нарын шаарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты