Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышты жана жүк ташуучулар менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда» деди Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти.

Вице-премьер-министрлер ошондой эле «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товар жана жүк каттоонун сервистик пунктунун курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 10 күндүн аралыгында курулуш иштери аяктайт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой 100гө жакын жүк ташуучу автоунаанун кезеги туруп калган. Кезек өткөн айдын аягынан бери сакталууда.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты