​Манасчы Сапарбек Касмамбетов менен коштошуу

  • 4 года мурун

Бүгүн. 21-январда, элибиз белгилүү манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов менен коштошту. Ал 19-январда 86 жаш курагында көз жумган.

«Сапарбек Касмамбетовдун манас айтуу өнөрүндөгү классикалык үлгүсү катары «Күлчоронун Үргөнч дайрасын кечип өтүүсү», тууралуу баянды айтууга болот.

Манас изилдөөчүлөр жана адисттер Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы бул баянды манасчылык өнөрдүн туу чокусуна салыштырып келет. Бул баян «Манас» изилдөө жаатында «Сапарбек манасчынын окуясы» деген баага арзыган.

Манасчы өзүнүн варианты катары «Жарманас», «Билерик», «Эр Кошой» бөлүктөрүн көркөмдүк чеберчиликте баяндап айтып, эпостун байышына өзгөчө салымын кошкон. Бул варианттарын толугу менен айтып, Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» 40 сааттан ашуун көлөмдө жаздырган» деп айтылат расмий некрологдо.

Сапарбек Касмамбетов жазуучу жана акын катары да кеңири таанымал. Кыргыз улуттук адабиятында «Бала Манас баяны», «Аккула» эпикалык чыгармалары нукура адабиятыбыздын асыл берметтеринин бири болуп калды. Андан сырткары акындын «Асыл эне», «Балыкчы баяны», «Бала кыялы» чыгармалары китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланып, мектеп программасына да киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан жана Маданият, маалымта жана труизс министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты