ЕАЭБ өлкөлөрүнөн декларациясыз 100 миң долларга чейин чыгарууга уруксат берилди

  • 4 года мурун

2020-жылдын 4-февралынан тарта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары декларация толтурбастан сыртка 100 миң долларга чейин чыгарып кете алышат.

Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим былтыр августта Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы тарабынан кабыл алынган.

Учурдагы эрежелерге ылайык, ЕАЭБ аймагынын сыртына декларация толтурбастан 10 миң доллардан ашпаган акча чыгарууга болот. Андан ашык сумма үчүн акчанын булагы жана анын кандай максатта чыгарылып жаткандыгын көрсөтүү зарыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты