ТИМдин экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча бөлүм жетекчиси дайындалды
- 4 года мурун
Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 20-январда министрлик жамаатына алтынчы саясий департаменттин жаңы директорун – Эрмек Өмүралиевди тааныштырды.
ТИМдин алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны натыйжалуу илгерилетүүнү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
Э. Өмүралиев Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин (2000-ж, Анкара ш.) аяктаган.
Буга чейин министрликте борбордук аппаратта жана КРнын Түркиядагы элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген. 2015-2020-жылдар аралыгында транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген.
Түрк жана англис тилдерин билет.