​Ханзаада Гарри падышалык титулдан ажыратылганына өкүнүүдө

  • 4 года мурун

Британ ханзаадасы Гарри аны падышалык титулдан ажыратуу тууралуу ханыша Елизавета IIнин чечими боюнча өкүнүчүн билдирди.

Буга чейин Букингем сарайы ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл мындан ары падышалык титулдарын колдоно албастыгын жана аларга мамлекеттик бюджеттен каражат берилбей турганын билдирген.

— Биз мамлекеттин каржылоосу жок эле ханышага жана аскердик бирикмелериме кызмат кылууну уланталы деп жатканбыз. Тилекке каршы, мындай болбой калды. Мен өтө кайгырып турам. Бир канча айга созулган сүйлөшүүлөр болгон. Мен дайыма эле туура кыла бербегенимди билем, бирок айланада бардык нерселердин тездик менен өнүгүп жатканын эске алганда, менде башка тандоо жок болчу, — деди Гарри Sentebale кайрымдуулук уюмунда сүйлөп жатып.

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруудан баш тартуу чечими тууралуу январдын башында жарыялашкан.

13-январда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II аларга «өткөөл мезгил» берүүгө макул болгон. Бул аралыкта түгөйлөр Канада менен Британияда алмак-салмак жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Ортодо келишилген макулдашууга ылайык, Гарри ханзаада бойдон калып, түгөйлөр Сассек герцогдору макамын сактап калышат. Мындан тышкары сүйлөшүү маалында алар Виндзордогу үйүн оңдоого Улуу Британиянын бюджетинен жумшалган 2,4 миллион фунтту кайтарып беришерин билдиришкен.

Ханзаада Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Маркл 2018-жылдын 19-майында баш кошушкан. Үйлөнгөндөн кийин алар Сассек герцогдору деп аталышкан.

Сүрөттө: Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл. АР.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты