Таланттуу балдар эмгектеринин көргөзмөсү

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 18-январда Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик-патенттик техникалык китепканасында көргөзмө өткөрдү.

Көргөзмөдө автомобиль, электроника, моделдештирүүү боюнча мастер-класстар уюштурулуп, робототехника, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору жана келечектеги үйлөрдүн макеттери коюлду.

Көргөзмө тууралуу Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева мындай деди:

— Көргөзмөгө буга чейин коюлуучу долбоорлор бир канча сынактардан өтүп келген. Биз алар менен көп убакыттан бери иштешебиз. 20дан ашык долбоор, макеттер көргөзмөгө коюлду. Кемин,Токмок, Кара-Балта, Бишкек шаарларынын мектептеринен окуучулар жана робот жасоо борборлору катышты. 100дөн ашык окуучу келди.

Кыргызпатент балдарга көнүл бурууну көздөп, келечекте ушул китепканага инновациялык борбор ачалы деп жатабыз. Конференция залын, техникалык лабораторияларды ачабыз. Ойлоп табуучуларга колдон келишинче шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз, – деди ал.

Кара-Балта шаарынын “Солнышко” мектебинин 6-классынын окуучусу Алан Абдыжапаров “Лу-Ма-Вен-1” аттуу долбоорун алып келген:

-Макетти мектепке окуучулардын сынагына карата жасагам. Ал сынактан өтүп, кийин “ХХI кылымдын интеллектуал балдары” сынагынан да жеңип алдым. Бул долбоор- айдагы базанын макети. Биздин планетабызды суу каптап же дагы бир коркунучтар болсо, адамдар айдагы базага барып жашаса болот деген ойдомун. Айда күйүүчү май көп болгондуктан майды ракетага куюп алып, андан ары Марска адамдар коопсуз жакка уча алат дейм.

Бул базада адамдарга керектүү тамак-аш азыктарын өстүрчү күнөсканада, мал кармачу жай да, спорт зал да, лабараториялык бөлүмдөр да, ракета да, спутник да бар. Келечекте бул долбоорду Кыргызстан Россия мамлекети менен бирге ишке ашырса болот. Себеби аларда акча көп.

Макетти жасаганга 3 ай убакыт кетти, акча жагынан ата-энем көмөктөштү.

“Эрудит” мектебинин окуучуларынын илимий изилдөө долбоору:

-Иляшова Арина, ойлоп табуучу:

— Бул өсүмдүктөрдү жасалма жарык менен өстүрүүчү микрокүнөскана.Биз колдонуудан чыгып калган эски буюдар менен жасадык. Мисалы: компьютердин блогунун сыртын алдык, ага эски зымды тутуштырып, электро энергия аркылуу жарык бердик. Мына ошол жарык аркылуу өсүмдүктөр өсөт. Биз буга чейин төө бурчакты 1,5 айда өстүрдүк. Кийин бадыраң, калемпир өстүрө баштадык. Беш жолу түшүм алдык. Микрокүнөскананы ар бир үй-бүлө бөлмөнүн ичинде колдоно алат.

Токмок шаарынан келген, робот жасоону уйрөтүүчү Михидин Илязов:

– Мен мектептеги окуучуларыма робот жасаганды үйрөтөм. Бул жакка окуучуларымдын эмгектерин алып келдик. “Акылдуу экскаватор”, “Акылдуу ит” деген роботторду көргөзмөгө койдук.

Булардын баарын роботторго керектүү шаймандардын тобунан жасадык. Учурда робот жасаш үчун керектүү шаймандардын тобу сатылат. Бир акылдуу роботту жасаш үчүн 1 саат керек. “Акылдуу экскаватор” бир жерден экинчи жерге жүк ташыйт, адамдын башкаруусу жок. Роботко атайын блок бекитилген. Ал блокко компьютерден программа көчүрөбуз. Программада анын кызматы жүктөлүү болот. Ошол программа аркылуу өз ишин эч башкаруусу жок эле аткара берет. “Акылдуу ит” болсо жарык келе жатса үрөт, отурат, турат, басат, үн чыгарып кээде кечке үрөт. Бул да блоктун жардамы менен компьютерден көчүрүлгөн программанын негизинде иштейт.

Ошондой эле көргөзмөдө бөбөктөргө оюндар ойнотулуп, белектер тапшырылып, жомок көрсөтүлүп, чакан концерттик программа менен коштолду.

Айгүл Молдоканова

Сүрөт: Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты