Бекер адвокаттын кызматы — кардар нааразы болсо ага гонорары төлөнбөйт

Башкы мыйзам боюнча, ар бир жеке жаран жактоочунун кеп-кеңешинен акысыз пайдаланууга укугу бар. Өткөн жылда жүргүзүлгөн сурамжылоодо суралгандардын 90% акысыз укуктук жардам алуу укугуна ээ экени тууралуу маалыматы жок болуп чыккан. Калктын укуктук сабатсыздыгын жоюу максатында, бир нече бейөкмөт уюмдары менен бирге мамлекет тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Беловодск айылынын тургуну Бурулкан Тодкинова 11 баланын энеси, баатыр эне. Мындан эки жыл мурун улуу кызы Күмүшай каза болуп, анын эки баласын Бурулкан апа өзү жалгыз тарбиялап жатат. Башка аял алып Орусияга иштөөгө кеткен күйөө баласы балдары менен эч байланышпай калган. Жээндерине камкорчу катары укугу жок Бурулкан мыйзам чегинде айрым маселелерди чече албай кыйынчылыктарга туш болот. Ошентип, Бурулкан Тодкинова камкорчу болуу максатында мамлекет тарабынан берилген акысыз жактоочу Абдылдаева Бактыгүлгө кайрылган.

— Чынын айтсам, мен документ иштерин такыр түшүнбөйм, жарандык укуктан кантип пайдаланып, эмне кылыш керектигин да билбейм. Башында жардам издеп көп жерлерге бардым, бир нече адвокаттардын эшигин каккыладым. Ар түрдүү мамиле кылгандарды кездештирдим. Акча төлөп жактоочу жалдаганга каражат жетишсиз. Бир күнү айылдаштырымдын бири “Бактыгүлгө барсаң сендей кыйналгандарга акысыз жардам берет” деп калды. Ошентип, мамлекеттик жактоочуну таап окуямды айтып бердим. Ал мага укуктук гана жактан жардам берип тим болбостон, дайыма көйгөйлөрүмдү угуп, моралдык жактан колдоо көрсөтөт. Ага мендей болуп кайрылгандар четтен чыгат. Баарыбызга жөнөкөй тил менен укугубузду түшүндүрүп, колунан келген жардамын аябайт. Кандай көйгөй менен барбайлы Бактыгүлдүн эшиги бизге дайыма ачык.

Жактоочунун айтымында, Бурулкан Тодкинованын иши боюнча азыркы учурда сотко тийиштүү документтер даярдалып, балдарды коргоо бөлүмүнө берилгени турат. Андан соң соттун чечими менен тая эне жээндерине камкорчу болуу укугуна ээ болот.

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун маалыматына ылайык, өлкө боюнча 26 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору түзүлгөн.

Учурда 328 жактоочу атайын окуудан өтүп, бирдиктүү реестрге катталган. Алар кайрылган жарандарга акысыз жактоочулук милдетти аткарат жана алардын төлөмдөрү мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Беловодск айылында жашаган жактоочу Бактыгүл Абдылдаева мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча өкмөттүн демилгеси иш күчүнө киргенден баштап кызматташып келет. Орточо эсеп алганда, жактоочу айына эки жүздүн тегерегиндеги айылдыктарга ар кандай укуктук маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип, соттук иштерде жактоочулук милдетин аткарат.

Сүрөттө: Бактыгүл Абдылдаева

Адвокат Беловодск айылында мамлекеттин юридикалык акысыз жардам көрсөтүү иши тууралуу калктын көпчүлүгүнүн маалыматы бар деп эсептейт:

— Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам программасын баары эле билип калды. Ооздон оозго өтүп кеңири жайылып жатат. Өзгөчө айыл жергесинде бул программанын ишке ашырылып жатканы жакшы иш болду. Айылда ар кандай катмардан өкүлдөрү жашайт эмеспи. Буга чейин жазыктык иштер боюнча гана акысыз кызмат көрсөтүлүп, жарандык иштерде акысыз кеп-кеңеш берүү каралган эмес эле. Мага көбүнчөсү үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көргөн, балдарына атасынан алимент өндүрө албаган кыз-келиндер жана үйүн алдырып жиберген кары-картаңдар кайрылат. Алиментке берүүгө, жактоочу жалдоого каражаты жок, балдары менен ата-энесинин колунда болгон кыз-келиндер арбын. Алар бизге келип консультация алып, биз менен баарлашып, “менин укугум мындай турбайбы” деп кубанып кетишет.

Анткен менен Сокулук районунун тургуну Тилекматов Камчыбек мамлекет кепилдеген юридикалык программасынын жактоочулары жетишпей жатканын белгиледи:

— Бекер жактоочу бар экенин мурда кайдан билели. Там маселесин чечип жатканда уйду сатып эле жеке адвокат жалдагам. Бирок кошунам Кадырдын маселесин экөөбүз акысыз жол менен чечели дедик. Кошунам жер тилкесин бөлүштүрө албай убара болчу. Тиешелүү жактарга арыз жазганы менен жыйынтык чыккан жок. Бул маселе сот аркылуу чечилет экен. Анан ал экөөбүз бирге бекер адвокаттарга бардык. Алардын айрымдары көңүл бургулары келбей, башкалары жетишпей бизди улам бирине жөнөтүп жатышкан. Эми аларды деле түшүнсө болот. Мамлекеттен алган акчасы аз.

Сүрөттө: Акжол Калбеков

Адвокаттар тарабынан берилүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу максатында, жактоочуларга төлөнүүчү тарифтер жогорулатылган. Аны менен бирге жактоочулар атайын түзүлгөн стандарттарга жараша кызмат көрсөтүшү керек. Эгер кардар нараазы болсо, адвокатка төлөнүүчү гонорар азайат же төлөнбөйт. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков айтып берди:

— Элдин арасында мамлекеттик жактоочунун аброю түшүп, ишеничтен кеткен. Чындыгында, 2017-жылга чейин бул мыйзам формалдуу гана түрдө болчу. Биз азыркы учурда “Мамлекеттик акысыз жактоочу сапаттуу жардам бербейт” деген стереотипти жоюунун аракетиндебиз. Айта кетчү нерсе, биздин иштин негизинде быйыл алты актоочу өкүм чыкты. Буга чейин тарыхта мындай окуя болбоптур. Ошондой эле, өлкө боюнча он төрт миңден ашуун квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүлсө, анын 70 пайызы оң натыйжалуу деп табылды.Калкка көрсөтүлгөн консультациялык-укуктук жардамдын саны 2018-жылы 46700дү түзсө, 2019-жылы бул кызмат көрсөтүүнүн саны 82938ге жеткен. Демек, бул багытта кичине болсо да жылыштар бар.

Мындан тышкары, жарандарга ыңгайлуу болуусу үчүн санариптештирүү жаатында да бир нече иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Консультациялык-укуктук жардамдын отчеттуулугун электрондук системасы даярдалып, тесттик режимде иштей баштады.

Ошондой эле, кайсы бир юридикалык маселени чечүү үчүн жарандар бир мамлекеттик мекемеден экинчи мекемеге чуркабай тургандай кылуу жагы жолго коюлуп жатат. Бул системанын жакшы жагы кардарлар кайтарым пикир калтыра алат дейт Акжол Калбеков:

— Өлкөдөгү кайсы бир мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунан тейленип чыккан кардарга whats app тиркемеси аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо сунушу келип түшөт. Кардар акысыз түрдө смс аркылуу канаттандырылып же канаттандырылбаганын бизге билдирсе болот. Бул системанын өзгөчөлүгү, биз республикадагы бардык борборлордун рейтингин көрүп турабыз. Жакшы көрсөткүчтөргө жетише билген борборлорго тийиштүү сыйлыктар берилип, сынактар уюштурулуп турат. Ошентип, өкмөт демилгелеген калкка жогорку деңгээлдеги юридикалык акысыз жардамды жайылтуу жана укуктук сабатсыздык жоюу максатында ар кыл багытта иш-чаралар болуп жатат. Маал-маалы менен мамлекеттик субьектилер, бейөкмөт уюмдары менен биргеликте жер-жерлерди кыдырып калкка юридикалык кеп-кеңештерди берип, жардам көрсөтүүдөбүз. Натыйжада, укуктук жактан көйгөйлөрү чечилген жарандарыбыз кеңсебизге өздөрү келип, колубузду кысып, ыраазычылыгын билдиргенде, кылып жаткан жумушубуз бекер эмес экен деп ичибиз жылып калат.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты