Орусиянын жаңы премьер-министри Мишустиндин үй-бүлөсүнүн декларацияланбаган мүлкү табылды

  • 4 года мурун

Орусиянын жаңы дайындалган премьерминистри Михаил Мишустиндин үйбүлөсү Подмосковьеде жер тилкесине жана жалпы баасы бир жарым миллиард рублден ашкан беш турак үйгө ээлик кылат. Бул тууралуу «Открытые медиа» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, жер тилкесинин аянты аткаминердин декларациясында көрсөтүлгөндөн беш эсе чоң, ал эми кыймылсыз мүлктөрдүн жалпы баасы 2010-жылдан берки Мишустиндин үй-бүлөсүнүн кирешесинен кыйла көп.

Кыймылсыз мүлктөр Подмосковьедеги престиждүү айылда жана облустун батышында жайгашкан. Анда премьер-министрдин үй-бүлөсү 2,6 гектар жерге жана жалпы аянты 2456 чарчы метрди түзгөн беш турак-жайга ээлик кылат. Расмий түрдө бул мүлктөр Орусия Федерациясына катталган. Жогорку кызматтагы аткаминерлер кыймылсыз мүлктөрүн ушундай жол менен жашырышат. Бирок «Открытые медиа» басылмасы Росреестрдин маалыматына таянып белгилегендей, буга чейин бул жер тилкелери жаңы өкмөт башчынын атасына таандык болгон.

Мишустин декларациясында Салык кызматынын башчысы кызматына келген 2010-жылдан бери 213 миллион рубль, аялы 790 миллион рубль киреше тапканын жазган. Күн мурун Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Мишустинди аялынын бул акчаны кандай жол менен тапканын түшүндүрүп берүүгө чакырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт:Александр Неманов/AFR

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты