​Телесериал тартууга 30 млн сом бөлүндү​

  • 4 года мурун

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык эмгек жаратуу үчүн 30 млн сом бөлүндү.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугуушуда айтты.

«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанр жана сюжет боюнча чектөөлөр болбойт» деди Абылгазиев.

«Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков премьер-министрдин атынан энчилүү саат менен сыйланса, фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөттө: Айбек жана Толкун Дайырбековдор.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты