Колледждерде иш ордунда окутуу киргизилет

  • 4 года мурун

Кыргызстандын колледждеринде иш ордунда окутуу киргизилет.

Бул тууралуу кесиптик билим берүү боюнча байкоочу кеңештин отурумунда айтылды.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында, орто кесиптик билим берүү системасында иш ордунда окутуу концепциясы иштелип жатат.

“Биз быйыл окуу пландарын, структурасын карап чыгууну көздөп жатабыз. Анын жыйынтыгында колледждин ар бир бүтүрүүчүсү заманбап кесиптик шык-жөндөмдөн сырткары, ишкерликти үйрөнүшү керек. Бул ага бизнес ачууга жардам берет” — деди Өмүров.
Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты