​Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме болот

  • 4 года мурун

Эртең, 16-январда, Баткенде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча улуттук коопсуздук комитетинин, чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Вице-премьер-министр Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк жана Көчө-Карын участкасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты