Гемодиализ кызматына каражат төлөнүп берилет

  • 4 года мурун

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына республикалык бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, тагыраак айтканда, бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, бирдиктүү реестрге киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай сеанс чектелбестен көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн төлөмү тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты