Кыргызстан жана Тажикстан чек ара сүйлөшүүлөрү боюнча протоколго кол койду

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кечээ, 14-январда, Кыргызсьандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» өткөрмө-көзөмөл жайларынын аймагында эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда чек ара маселелеринин топтомун, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде болуп өткөн окуяларды талкуулоо боюнча болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

— Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

— топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

— тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

— Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

— Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

— Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты