Кайчылаш жылы 100гө жакын иш-чара пландалды

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылында Кыргыз Республикасында саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багытта 100гө жакын иш-чара пландалды.

Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазив өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди.

«2020-жыл – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылы. Анын алкагында саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы 100гө жакын иш-чара пландалган.

Бул инвестиция, туризм, маданият, билим берүү сыяктуу чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө өз таасирин тийгизет.

Муну менен бирге Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатияны активдүү жүргүзүүгө тийиш. Биздин эмгек мигранттарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо, социалдык коргоо шарттарын жакшыртуу, пенсия менен камсыздоо жана башка маселелерди чечүү өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылы республика «EXPO 2020 Dubai» дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышат, буга байланыштуу ушул маселени деталдуу иштеп чыгуу керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты