​Кытайдын ЖОЖдоруна тапшыруучулар үчүн тестирлөө өткөрүлдү

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн “Бакалавриат” жана “Тил стажировкалары” программалары боюнча компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абитуриенттерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн максаты – бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо процесин жакшыртуу жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу деп айтылат билдирүүдө.

Кытай ЖОЖдоруна тапшыруучулар үчүн тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан иштелип чыккан стандартталган тесттин негизинде кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты