Мугалимдердин эл аралык сынагында Кыргызстан алтын жана күмүш медалга ээ болду

  • 4 года мурун

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин тренерлеринин II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык конкурсунда Кыргызстандык мугалимдер 1 алтын жана 1 күмүш медалга татыктуу болушту.

Конкурс 2020-жылдын 8-январынан 12-январына чейин Алматы шаарында болуп өттү.

Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты.

Кыргызстандын атынан Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 2 мугалими күч сынашты.

Берилген тапшырмалардын натыйжасында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин Ч.Айтматов атындагы лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды.

Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты