​Иранда украиналык учактын кулашы боюнча камакка алуу башталды

  • 4 года мурун

Иранда украиналык учактын кулашы боюнча алгачкы камакка алуулар жүргүзүлдү.

Бул тууралуу РИА- Новости агенттиги кабарлады.

Аталган агенттикке сот органынын өкүлү Голямхосейн Эсмаили билдирди. Агенттиктин айтымында, азырынча мындан башка толук маалыматтар айтыла элек.

2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын аба чабуулунан коргонуу системасы Украинанын жарандык учагын АКШнын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алганын мойнуна алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты