​ИИМ: “Factcheck.kg” баш редактору Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт жаран кармалды

  • 4 года мурун

9-январда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азиат түспөлүндөгү белгисиз 25-30 чамасындагы үч жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4000 сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкен.

9-январда аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү ресстерине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин 1 –бөлүмүнө каралган тоноо боюнча иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери Бишкек шаардык ИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ыкчам –тергөө тобунун ыкчам иликтөө, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14-январда Бишкек шаардык ИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
14-январда эртең мененки саат 07:00до жазык-процессуалдык кодексинин 98 –беренесине ылайык шектүүлөр Жазык кодексинин 201-беренсинин 2-бөлүмүнүн 1,2 пунктары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо) менен Бишкек ИИББ убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты