Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара тилкесин эки өлкөнүн чек арачылары кайтарып турат. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат.

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Ушу тапта эки мамлекеттин тийиштүү органдары абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми 14-январь күнү вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тарап менен жолукмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты