​Тажикстанга Кыргызстан ТИМинин протест билдирүү нотасы тапшырылды

  • 4 года мурун

Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу Тажикстанга Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү нотасы тапшырылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти биллдирди.

9-январдан 10-январга караган түнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер иинистри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилген.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка ок атылган. Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки машинеси талкаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты