Абылгазиев: Аялдарга жана балдарга жасалган зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек

  • 4 года мурун

Өкмөт аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат.

Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт. Тилекке каршы, өлкөбүздө аялдар жакындары тараптан зомбулук көргөн учурлар аз эмес. Алар ар кандай себептерден улам ур-токмокко алынып, кордук көрүп келишет.

Үй-бүлөдөгү катаал мамиле трагедиялуу аяктаган айрым учурлар бар. Бул жалпы коом үчүн кооптуу белги, анткени жакындарына карата агрессия көрсөткөн адамдар арабызда жүрүшөт. Алар үй-бүлөлүк зомбулукту адаттагыдай, мыйзамга каршы келбеген, адам укуктарын жана эркиндигин бузбаган көрүнүш катары көрүшөт. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш жана бүтүндөй коомдун трагедиясы. Тилекке каршы, көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Ошентсе да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек», — деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Премьер-министр ички иштер министрлигине эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирге үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты