Бишкекте маршруттук такси даракты сүздү

  • 4 года мурун

Бишкекте жол кырсыгына кабылган маршруттук такси даракты сүзүп токтоду.

Кырсыктын видеосу «Короче» Telegram каналына жарыяланды. Кадрдан жол четиндеги тосмолор талкаланып, маршруттук такси даракты сүзүп алганын көрүүгө болот. Андан соң ичинен жүргүнчүлөр түшө баштаган.

Бишкектин Кайгуул милиция кызматы окуя 8-январда болжол менен саат 10.30дарда Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди. Кырсыкка айдоочунун рулга ээ боло албай калганы себеп болгону айтылат.

Мунун кесепетинен 67 жаштагы аял жана 14 жаштагы кыз башынан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Кырсыкка кабылган унаа айып короого киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты