​Солтон-Сары кенинин жана фабриканын директору кармалды

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы «Солтон-Сары» фабрикасынан алтыны бар өнөр жай продуктусун уурдоо фактысын аныктады.

Коррупцияга каршы кызматтын билдирүүсүнө ылайык, «Солтон-Сары» алтын фабрикасынын жетекчилери алтын уурдоо фактысына тиешеси бар. Алар Нарын жана Чүй облустарына алтыны бар өнөр жай продуктусун ташуу менен алектенип турушкан.

Өткөн жылдын аягында, 27-декабрда, Нарын облусунун Оттук айылынан «Мерседес спринтер» машинасынан 35 мүшөк алтыны бар өнөр жай продуктусу табылган. Анын салмагы 1 миң 500 кг болгон. Болжолдуу баасы 4 млн сомго бааланат.

2019-жылдын 29-декабрында кендин жана фабриканын директору кармалып, УКМК убактылуу жайына камакка алынган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 319-берене, коррупция боюнча катталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты