​Кабарсыз кеткен кытайлык кыргыз студенттер

  • 4 года мурун

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келбегенин билдирген.

Учурда комитет бул кытайлык студенттерге байланыштуу эч кандай кабар жок экенин, дегеле Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар жөнүндө маалымат чогултуу кыйын болуп калганын белгиледи.

2019-жылы жаз айларында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, жайкы эс алууга кетип кайра келбеген 45 студенттин тизмесин түзгөн.

Комитеттин өкүлү Марат Тагаев тизмедеги маалыматтар Бишкекте жүргөн кытайлык кыргыздардан алынганын айткан болчу. Анда Тагаев дайыны чыкпай жаткан 45 кишинин арасында жогорку окуу жайын бүтүп кеткендери бар экенин айткан эле:

— Алар Кытайга кетип келбей калган студенттерди тизмектеп беришкен. Маалымат боюнча 45 студент болчу. Бирок алар боюнча так кабар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын көбү «лагерге» кирип чыккан.

Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кытайлык кыргыздар да бар. Алар журналисттер менен эмес, бейтааныш бирөө менен да сүйлөшүүдөн чочулашат.

2019-жылы апрель айында микрофонго сүйлөөдөн баш тартып, атын-жөнүн жашырган кытайлык кыргыз студент төмөнкү маалымат менен бөлүшкөн.

— Азыр сүйлөп берсек ал жактагы атаэнебизге зыяны тийип калат. Бул жакта калгандардын көбү эле жарандык алып алган. Бирок канчасы жарандык алган же канчасы ала элек экени айтылбайт. Анткени бири-бирибизге билдирбей эптеп жашап жатабыз. Кытайлык кыргыздар Улуттук консерваторияда, Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде окуп жатышат. Азыр «Манас» университетинде окугандардын баары эле кетип, бирок келген жок. Бишкек гуманитардык университетиндеги жети баланын бешөө кетип, келген жок. 2017-жылы кеткен бир бала Үрүмчүдөн түшүп калган боюнча үйүнө да барбаптыр.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркиядагы жана Кытайдагы кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун берилет. Министрлик кытайлык кыргыз студенттердин канчасы жайкы эс алууга кетип, келбей калганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады. Буга чейинки расмий маалыматта 2016-2017-окуу жылдары он, 2017-2018-жылдары эки гана кытайлык кыргыз студент билим алууга келгени айтылат. Азырынча 2019-2020-жылдын маалыматы белгисиз.

Кытайда жашаган башка аз улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабар 2018-жылы күз айларынан баштап тарай баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин» такталбаган маалыматына ылайык, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Кыргыз бийлиги бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөттө: Тургунаалы Турсунаалы уулу (оңдо) жана Табылды Муратбеков. 14-май, 2019-жыл. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты