«Ак-Жол – автодорожный» өткөрүү жайынын курулуш иши башталат

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында «Ак-Жол–автодорожный» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Ак-Жол – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайын модернизациялоо жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Баарыбыз ушул көзөмөл-өткөрүү жайы эң жандуу пункттардын бири экенин жакшы билебиз. Ошондуктан бардык иштер тез жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Автотранспорт үчүн чек ара жабык болорун жана унаалардын агымы башка жакынкы көзөмөл-өткөрүү жайларына багыт аларын эске алып, чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Бул иштер бардык жарандарга шарттарды түзүү үчүн жасалууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жасалган иштер бардык курулуш ченемдерине жооп бериш керектигин белгиледи.

«План боюнча өткөрүү жайы заманбап болуш керек. Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, дол бети кеңейтилет. Ошентип, көзөмөл-өткөрмө жайында кызмат өтөөгө бардык шарттар түзүлөт. Биз бул аркылуу чек арадан өтүү үчүн өзүбүздүн жарандарыбызга жана меймандарыбызга шарттарды жакшыртабыз. Чек ара — бул ар бир мамлекеттин дарбазасы, ошондуктан иш жогорку деңгээлде аткарылууга тийиш», — деди премьер-министр жана курулуштун жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөй турганын кошулчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты