2020: Чычкан жылы. Мүчөл жаш деген эмне?

2020-жыл чыгыш календары боюнча ак жалтырак түс чычкан жылы болуп саналат. Астрологдор чычкан жаныбар негизинен ой жүгүрткүч, ишенимдүү, токтоо, акылдуу, сезимтал, чынчыл, эрктүү болот деп мүнөздөмө беришкендей, бул жыл кирешелүү жана жемиштүү жылдардын биринен болоорун айтышат.

Чычкан өз оокатын өзү ташып жыйнаган сапатка ээ болгондуктан, быйылкы жыл кенч-байлыктын жылдарынан болот дешет.

Мырзалар үчүн ак түстөгү унаа мода

2020-жылдагы модалуу авто унаалардын басымдуу бөлүгү ак түстө болмокчу. Мисалга алсак, Түркияда авто унаалардын басымдуу бөлүгүн ак түстөгү унаалар ээлеп келет. Барган сайын бул түс бардык өлкөлөргө кеңири тарап, дүйнө жүзүндө ак түстөгү авто унаалардын саны көбөймөкчү.

Саркеч кийимдер

2020-жылы негизинен ак жана күмүш түстөгү кийимдер модага айланат. Адистердин айтуусунда дене — мүчөңүзгө жараша турган кийимдерди туура тандап кийүүдө, болгону чүпүрөктүн туура айкалышуусу шарт. Мисалга алсак, баркут, атлас, жибек, түймө, булгаары.

Ал эми жаз айларында жашыл, кызгылт, сабиз өңдүү кийимдерди кийсеңиз ажарыңыз ачылат. Күн сайын кийилүүчү кийимиңиздин түсү- боз, күрөң, кара, бозомтук түстөрдө болсо ылайык.

Мүчөл жашын белгилеп жаткандар

1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008 жылы төрөлгөндөр быйыл мүчөл жашын белгилешет.

Мүчөл жаш деген эмне?

Мүчөл жаш — 12 жылда бир келчү өзгөчө мезгил. Тагыраагы, кыргыз эли жыл эсебин он эки жаныбардын аты менен атап, ал цикл ар бир 12 жыл сайын кайталанып турган. Биринчи мүчөл он экиден өтүп, он үч жашка толгондо белгилене баштайт. Себеби баланын курсактагы жаткан жылы да кошулат.

Мүчөл жыл жана алардын белгилениши

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклдин биринчи жылы «чычкан», экинчиси «уй», үчүнчүсү «барс», төртүнчүсү «коён», бешинчиси «улуу» (кытайча «лу» – «ажыдаар»), алтынчысы «жылан», жетинчиси «жылкы», сегизинчиси «кой», тогузунчусу «мечин» (маймыл), онунчусу «тоок», он биринчиси «ит», он экинчиси «доңуз» же «кара кийик» аталат.

Ошентип мүчөл жылдардын биринчиси – 13 кө караганда, экинчи —24 жаштан 25ке караганда, үчүнчүсү — 36 жаштан 37 жашка караганда, төртүнчү мүчөл — 48тен 49 жашка караганда, бешинчиси — 60 жаштан 61ге караганда, алтынчы мүчөл — 74 жаштан 75ке караганда, 85 жаштан 86га караганда – жетинчи мүчөл, ал эми 97 жаштан 98ге караганда сегизинчи мүчөл жаш белгиленип калат.

Мүчөл жаш тууралуу “Манас” эпосунда

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» «Семетей» бөлүмүндө Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга сыр алдырбай турганда, кыраакы карыя жыл эсебин мындай чыгарат:

Жыл эсебин алайын,

Эми жылды катка салайын,

Ал эле чычкан, ал эле уй,

Ал эле жылкы, а да барс.

Ал эле коён, ал жылан,

Ал эле тоок, ал улуу,

Ал эле мечин, а да кой,

Ал эле доңуз, ал эле ит,

Айкөлдөн калган кулунум,

Өлбөй жүрсө Семетей

Быйыл он экиге толгон кез.

Ошентип Бакай карыя энеси менен кеткен баатырдын баласын билет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты