​Россияда лотереядан миллиард рубль утуп алды

  • 4 года мурун

3-январда Россияда, Москва алдындагы кичинекей Юдино айылынан бир киши лотерея билетинен миллиард рубль утуп алды.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Ири утуш ээси Москва алдындагы Юдино аттуу айылдагы соода борборунан 13-декабрда 100 рублга лотерея сатып алган. Ал соода түйүнү жабыларына 7 мүнөт калганда № 131626314944 лотерея билетин сатып алгандыгы маалым болгон. Юдино айылында 1200 киши жашайт.

Бул Россиянын мамлекеттик лотереясындагы ири утуш катары белгиленди. Майрамдык чыгарылышта 53 614 853 билет сатылган.

Миллиардер утуш ээси ким экендиги азырынча ачыктала элек. «Столото» ири утуш ээси элге чыгып, чоо-жайын, утуштун акчасын кантип корото турганын айтып берет деген ишенимде экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты