Өтүп бараткан жыл кандай болду?

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.

Мамлекет башчы келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, жыл жыйынтыгын чыгарды.

«Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутактарынын ишмердиги ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек» деп белгиледи мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты