Каректе калган жаз. Жаңы жыл алдындагы поэзия кечи

  • 4 года мурун

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жаңы жылды утурлай эки акындын — Жыпар Акунова менен Клара Кичинемолдоеванын поэзия кечесин өткөрдү. Кече «Каректе калган жаз» деп аталды.

Жылдын соңку бир кечеси аншлаг менен өткөнүн кадыресе көрүнүш катары кабыл алсак да болчудай. Аталган фонд байба-бай уюштуруп келаткан мындай кечтер салтка айланып, түйшүктүү, убайымдуу турмушубузга поэзиянын учкунун чачып, жан дүйнөбүздү аралап өтүп, ойлонтуп, толгонтуп, агартып, тазартып жаткандай туюлат.

Соңку кече мен сыяктуу курбалдаштарым үчүн бөтөнчө күттүргөн күн болуп, ал эми кече өзгөчө таасир бергенин белгилей кетейин. 1976-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине кирип, аны 1981-жылы аяктап, журналисттик кесипке ээ болгон студенттик кезибиз кече каармандары менен бирге өткөн.

Жыпар менен Кларанын студенттик куракта жазылган айрым ырларынын алгачкы угарманы болор элек. Ошондой эле студенттерди айыл чарба жумушунда, Таластын Көк-Дөбөсүндөгү тамеки талаасында, кең Чүйдүн Кара-Дөбө помидор талаасында Кыялбек Урмамбетов, Соданбек Абылгазиев, Алмаз Абдраев, Арзыкан Кожомбердиеванын ырларын, Султанбек Жумагулов, Бейшенбек Бекешов. Кушубак Өмуралиев, Айнагүл Аманкулова, Бермет Маткеримова, Көйкөл Айтбаева, Базарбай Буканбеков, Алмаз Канаев, Муртаз Ашымов, Жыргалбек Турдукожоев, Тамара Козубекова, Жумагазы Усупов, Байызкан Шабралиева, Майрамбек Карасартов, Кубан Каракинов, Дамира Өмүшева, Гүлдөй Мамырканова, Салия Саматова, Мукаш Толтоев, Атабек Жунусов, Ишенбек Осмонов жана башкалардын аңгеме, оозеки аңгемелерине күбө болор элек.

38 жылдан кийин, биз, курсташтар, эки акын кызыбыз менен алардын адабий кечесинен жолугуп, жаштык күндөргө кайра кайтып баргандай болдук. Алардын тагдыр-таржымалын угуп кубанып кол чаап олтурдук.

Кечеге баргандардын дээрлик баары биз кубангандай кубанып, биз ыраазы болгондой, ыраазы болду деп ойлойм.

Жыпар Акунова — ыр жазуу менен бирге “Жетим кыздын тагдыры”,”Апама баратам”,”Люся апа келин болгондо”, “Түштүккө түшкөн келин” ж.б. аңгемелердин автору.

Акунованын сөзүнө жазылган “Ыраазымын жолуктурган тагдырыма” деген обондуу ырды Самара Каримова, “Ирмегенден кирпигимди коркомун” деген чыгармасын ырчы Мыскал Шабданалиева аткарды.

Клара Кичинемолдоева — педагогикалык чыйыр менен кетип, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы А. Сатылганов атындагы орто мектепте 2000-жылдан бери директор болуп эмгектенет.

Кичинемолдоеванын сөзүнө жазылган “Дархан айылым”деген обондуу ырын белгилүү ырчы Бакыт Жакыпов көрүүчүлөргө тартуулады.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду уюштурган жаңы жыл алдындагы керемет кечтердин бириндеги ырларга сиздер да күбө болуп коюңуздар.

Айгүл Бакеева, «ПолитКлиника» медиасы.

Сүрөттөр: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду.

ЖЫПАР АКУНОВАнын ырлары

Айылым

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү,

Айылым сен тараптан сагынч сунат.

Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды,

Жыңайлак баягыдай кыткылыктап,

Саамайыма ак бантик байлап алып,

Шибериңде чуркагым келип турат.

***

Чуркагым келип турат кызыл кечте.

Жарышып өзүм кырдуу балдар менен.

Узатып тептегерек кызыл күндү,

Ыза кылгым келип турат азыр дагы,

Жоош баланы ыйлаган далай менден.

***

Жапжашыл жазда куйган тентек жамгыр,

Жоктоп мени балким жашын төккөндүр.

Бейкапар ошол кечте мемиреген

Ак жолтой бешиктеги сиңдилерим

Жазда гүлдөп, жазда бойго жеткендир.

***

Жазда барам, дечү элем жазга окшоп,

Ак жаандай аппак көйнөк кийип алып.

Ошондо жамгыр төгүп, жамгыр ырдап

Турса деп балалыкты эске салып…

А бирок барбай калдым ошол жазда,

Жигитин башка жактын сүйүп калып…


Мен өзүмдү көпүрөдөй сеземин

Мен өзүмдү Түндүк менен Түштүккө,

Бекем түшкөн көпүрөдөй сеземин.

Түндүк мага жакын десем Түштүктө,

Бүт өмүрүм калган өңдүү сеземин.

***

Балам, үйүм, дос, жолдоштун баарысы,

Түштүктө деп канатымды жыйнасам.

Түндүк жакта агам, эжем, досторум,

Ата-Журтту, ата-энемди кыйбасам.

***

Кайсыл күнү кеткенимде Түндүккө,

Унуткансыйм жүрөгүмдүн жарымын.

Түштүк жакка кеткен күнү элеңдейм,

Жоготконсуп өмүрүмдүн жарыгын..

***.

Мен өзүмдү Түндүк мененТүштүктүн,

Ортосуна түшкөн жол деп келемин.

Бөлгөндөрдү алакандай Мекенди,

Эл-Журтуна чыккынчы деп билемин.

Курбума

Курбу элек биз экөөбүз анда эркем,

Жаздагы жанаша өскөн ак кайыңдай.

Тирелип жапжаш элек, баёо элек,

Шок элек, жалбырт этип от алчудай.

***

Биз анда эгиз элек бөлүнбөгөн,

Чындыкты, бул тагдырды “төгүн “ деген.

Тапты да экөөбүздү эки жигит

Болдук биз “күкүк-зейнеп” көрүшпөгөн.

***

Алыстан жалгызсырап, жетимсиреп,

Нур элек бирге жанып, бирге өчкөн.

Эсиңден кетпес курбум качанкы бир,

Экөөбүз сыр айтышчу сулуу көктөм.

***

Ак жаандан аппак сүйүү тилеп анан,

Көйнөкчөн жазга кетип калаар элек.

Экөөбүз эки жерде эки жубай…

Кат жаздым, сенден дагы бир кат келет, -деп Жыпар Акунова ырларын окуду

КЛАРА КИЧИНЕМОЛДОЕВАнын ырлары

Бешигим-бешинчи жатаканам

(Университеттин 5-жатаканасына)

Бешинчи жатаканам көзгө сүйкүм,

Бешигиндей жаштыктын көрүнөсүң.

Анан да салдың эске бир жарк эткен,

Жанардай жаштыгымдын көп элесин.

***

Балалыктын уясындай сезилчү эле,

Иреттүү, тыпырайган биздин бөлмө.

Кымбат кез сенде калган сыяктанып,

Кылчактайм, алтымыш биринчи бөлмө.

***

Термелтип узун түндө ыр жаздырган,

Сездирип бул жашоонун кереметин.

Күкүктүн баласындай мени күтөт,

Күн төгүлгөн төрдөгү керебетим.

***

Жаркылдап чыкса курбум сабагынан,

Жанып турчу көп жигит делебеси.

Жалооруп мени таанып турасыңбы,

Жан курбум-Жыпарымдын керебети.

***

Өтсө да андан бери бир топ жылдар,

Өчпөптүр го, сүйкүмүң, жатаканам.

Кош анда, кош алтымыш биринчи бөлмө,

Мен эртең Ысык-Көлгө сапар алам.

***

Умай эне өңдөнүп бешик термеп,

Учура бер мага окшош периштеңди.

Мен эми бөлөп алып ак бешикке,

Мээрим менен терметем наристемди.

«Аккеме» кинофильминдеги баланын монологу

Жаңылбас багытынан, жалган айтпас,
Балалык ак сүйүүсүн компас кылып
Сагынып сени көздөй сапар алган,
Атаке, сенин уулуң-мен капитан.

Күн чыкса нурларынан көл бетине,
Жылдыздай жымыңдатып сөйкө тагып.
Көрсөм деп карааныңды кемедеги,
Атаке, көл күзөткөн Сенин уулуң,
Мелжиген мейкинине дүрбү салып.

Алмашып кыялдарын чындык ишке,
Наристе жаш жүрөгү кусаланып.
Оюнда ак кемеге жакын барып,
Сүйлөгөн адамдарды таң калтырып,
Атаке, сенин уулуң Алтын балык.

Кабарын атакемдин айтып койбой,
Ак кеме, кайда сүзүп баратасың?
Калаадан, айылдардан , кемелерден,
Калбасын издеп балдар эне — атасын.
Ак кеме, кайда сүзүп баратасың?

Кечеде Клара Кичинемолдоеванын ушул жана башка ырларын өзү, небереси Татына жана ыр ышкыбоздору окуп берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты