Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашына байланыштуу Кыргызстан көңүл айтты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу Кыргызстандын атынан көңүл айтты.

«Казакстан Республикасынын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм.

Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм» деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Сүрөттө: Кырсык болгон жерде. Инт ернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты