​Текебаев: «Партияда радикалдуу өзгөрүү болот. Жаңылануу бүгүн башталды»

  • 4 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан жана фракция лидерлигинен, Жогорку Кеңештин депутаттыгынан кетиши тууралуу комментарий берди. Текебаев Шыкмаматовдун кетиши партиянын мурунтан келаткан ички сүйлөшүүлөрүнө жараша болду, эч кандай пикир келишпестикти көргөн жокмун деп билдирди.

— Ар бир партия ичинде шайлоо алдында өз эрежелери болот. Биз шайлоо убагында Кыргызстанды округдарга бөлүп, аз добуш алгандар орун бошотуп, артынан башкалар келет дегенбиз. Бул сүйлөшүү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, бекемделген.

Бирок орун бошотпой койгон адамдар болгон. Ошондон улам көп добуш алган 3-4 талапкер депутат болбой калышты.

Нарын облусунда Нурбек Сыдыгалиев менен Алмамбет Шыкмаматов экөө добуш алып келишти. Шыкмаматов Сыдыгалиевге орун бошотмок. Бирок соттолуп жатканда Сыдыгалиев андан орун бошотууну талап кылган жок. Сыдыгалиев 21- болуп турган. Буга чейин оор, татаал сүйлөшүүлөр болуп турган.

Алмамбет жигитчилик кылып орун бошотуп берди. Депутат болуп Сыдыгалиев Нурбек келди.

Дагы бир тоскоолдук бар эле. Ал – мен болчумун. Эгер мен депутат болуп келсем, Шыкмаматовдун ордун алып коймокмун. 23-декабрда билдирүү жасадым, мен парламентке келбейм деп, -деди Өмурбек Текебаев.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун партия лидери менен пикир келишпей калгандыгы тууралуу айткандарына Өмүрбек Текебаев мындай деди:

-Анын партиядан чыгуу тууралуу жазуу жүзүндөгү расмий арызы түшкөн жок. Биз партиядан чыгам десе, ага каршылык кылабыз, анын ичинде мен дагы, -деди Текебаев.

-Фракциянын жыйыны партиянын офисинде болуп жатат. Себеби фракциянын атасы партия болот.

Бүгүн дагы жыйналышын партия менен кеңешип партиянын офисинде өткөрдү. Офисти дагы депутаттар акча жыйнап, куруп беришти.

Февралдын аягында, марттын башында партиянын съезди өтөт, саясий кенеште радикалдуу жаңылыктар болот. Жаны, жаш адамдар келет, -деди Өмүрбек Текебаев.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты