​Казакстандагы учак кырсыгы: 15 киши каза таап, 60тан ашыгы жаракат алды (видео)

Казакстанда учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 15ке жетти (14ү окуя болгон жерде, бирөө ооруканада каза тапкан).

Кеминде 66 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди, алардын 12синин абалы өтө оор. Бул тууралуу Алматы аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, бортто 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Bek Air авиакомпаниясынын Алматы-Нур-Султан каттамындагы учагы жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй калган. Учак бийиктикке көтөрүлө албай, бетон тосмону жана курулуп жаткан эки кабаттуу үйдү сүзүп, Гүлдала айылына кулаган.

Аман калган жүргүнчүлөрдүн бири учак авариянын алдында эки жолу өйдө көтөрүлүп, бийиктикти жоготконун билдирди:

– Андан кийин катуу үн чыкты: же кыймылдаткыч, же башка бир нерсе. Учак кыйшая уча баштады. Баары кинодогудай эле болду: ач айкырык, ый.

Казакстандын ИИМи кыйроо болгон жерде 976 киши жана 70 даана техника, 33 тез жардам бригадасы иштеп жатканын кабарлады.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, күнөөлүү кишилер жазалана турганын билдирди. Мерт болгондордун арасында Казакстан генералдар кеңешинин башчысы, юстициянын генерал-майору Рүстөм Кайдаров жана Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова бар экени тастыкталды.

Кыйроо маалында каза тапкандардын тизмеси жарыяланды.

Bek Air авиакомпаниясынын пракында Нидерланды өндүрүшүнөн чыккан Fokker 100 учактары бар. Казак бийлиги Bek Air авиакомпаниясынын иши жана бул типтеги лайнерлердин каттамдары токтотулганын кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты