Дастан Бекешев: «Парламентте бир кызык нерсе болуп жатат» (Видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште бир кызык нерсе болуп жатканын «Фейсбук» баракчасында билдирди.

«Баары жаңы жылга даярданып жатканда, бизде, парламентте бир кызык нерсе болуп жатат,-деди депутат Дастан Бекешев. –Азыр Конституцияны өзгөртүу боюнча референдум өткөрүу боюнча демилгелүу топтун койгон колдорун текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому өттү. Бизге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору түштү деп жатышат. Бир канча жолу ал мыйзам долбоорун сурасам, аны билүүнүн кажети деле жок дешти.

Кесиптештеринин бирөө да ал документ тууралуу билбей турганын айтты.

«2020-жылы же парламентти кезексиз таркатуу, же Конституцияны өзгөртүү турат, -деп боолголоду депутат. –Кандай өзгөрүү болорун биз билбейбиз, бирок жакында баары белгилүү болот, -деди депутат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты