Президенттин басма сөз жыйынына 200гө жакын журналист катышат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Мамлекет башчынын жыйыны бүгүн, 25-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. 2018-жылдагы басма сөз жыйыны 19-декабрда өтүп, журналисттер мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов, парламент депутаты, иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, камактагы саясатчылар жөнүндө суроо беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты