Орусияда Интернеттеги киберкоопсуздук боюнча машыгуулар өттү

  • 4 года мурун

23-декабрда Орусияда «Интернеттеги киберкоопсуздук» боюнча машыгуулар өттү. Жарандык активисттер бийлик демилгелеген бул ишчара цензураны күчөтүүгө багытталган каражаттардын бири болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Өлкөнүн байланыш министринин орун басары Алексей Соколовдун айтымында, машыгуулардын максаты – кандай гана шартта болбосун Орусияда Интернеттин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу. Ал мындай пикирин Мониторинг жана киберкоркунучтарга туруштук берүү борборунан жасаган телекайрылуусунда билдирди.

Мамлекеттин көзөмөлүндөгү «Россия-24» телеканалынын кабарлашынча, бийлик жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эки жумадан бери тесттен өткөрүп жатат.

Быйыл президент Владимир Путин кол койгон «Көз карандысыз Интернет тууралуу» мыйзам провайдерлерден атайын жабдууларды орнотууну талап кылат. Ал жабдуулар веб-трафикти мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн пункттарга багыттап турушу керек.

Мыйзамда домендик аталыштардын орусиялык ички системасын түзүү жобосу да каралган. Документтин авторлору ал Рунетти кыйла көз карандысыз кылып, Орусияны потенциалдуу киберчабуулдардан коргойт деп айтып келишет.

Бирок айрым адистер мыйзам Интернеттин кыйла бөлүгүн цензуралоого жол ачып, атайын кызматка колдонуучулардын активдүүлүгүн кеңири көзөмөлдөөгө мүмкүндүк түзөрүн эскертишүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты