​Алмазбек Атамбаев сот отурумунан чыгып кетти

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Биринчи май райондук сотунун отурумуна катышуудан тартып чыгып кетти. Сот УКМК имаратында өтөрү белгиленген.

Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

«Отурум 15 чарчы метр келген жерде болду, Отурумдун катышуучулары, 18 киши, прокурор, сот болуп, бетмаңдай жакын олтуруп калышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот отурумунан чыгып кетти» деди адвокат.

Адвокат сот отурумун Биринчи май райондук сотунун имаратын өткөрүүнү өтүнгөн. Бирок бул өтүнүч канаатандырылбады.

Сот отурумунда тыныгуу жарыяланды.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты