Бишкекте шаардык бюджеттин эсебинен 40 чакырым жол оңдолот

  • 4 года мурун

«Бишкекасфальтсервис» 2020-жылы капиталдык оңдоодон өткөрө турган көчөлөрдүн тизмесин даярдады. Бул тууралуу мэриянын пландык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле 6 чакырым жол тротуарлары менен бирге оңдолот. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда.

Бишкектин тротуарларын ремонттоо үчүн 100 миллион сом каралат.

2020-жылы Кытайдын эсебинен «Бишкектин көчө-жолдорун өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырыла баштайт. Бул 2 жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкекте 6 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашуун жолду оңдоо пландалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты