​Чек ара кызматкери Равшан Муминов “Эрдик” медалы менен сыйланды

  • 4 года мурун

Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминов (курман болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы тапшырды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматка ылайык, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы Равшан Муминов каза болгон.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты