​Кубанычбек Кулматов камактан бошотулду

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту соңуна чыгып, Кулматов сот залынан бошотулду. Бирок 5 млн сом өлчөмүндө айып төлөө өкүмү чыкты.

Айыбы угузулгандан кийин Кулматов ЖМКга мындай деди:

“Мен бошонуп чыктым, бул жакшы. Бирок бизди “соттолгон” дегендери менен макул эмесмин. Мында биздин күнөөбүз жок. Бул -келесоолук, абсурд. Сот процесси башынан аягына чейин маанисиз, абсурд болду, соттун чечими да ошондой” деди экс-мэр.

Бугүн, Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен экс-мэрлер Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Кубанычбек Кулматов 5 млн сом айып төлөө жазасын алды, эркинен ажыратылган жок. Сталбек Өмүрканов, Сейтикан Алиев, Кубат Шаршекеев айып төлөтүлмөй болуп, сот залынан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча шектелип айыпталган.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты