Сагымбаев «Кой-Ташта жоокерди СВД куралынан аткылаган» деген аныктама негизсиз экенин билдирди

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, УКМКнын 9-кызматыынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу менен макул эместиги айтып, билдирүү таратты.

Ал «Альфа» отрядынын командир орун басары Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдин СВД куралынан атылган 7.62 калибрдеги октон каза тапкан деген аныктамадан шек санаганын билдирди.

Буга чейин Үсөнбеков АК-74 куралынан, 5.45 калибрдеги огунан каза болгон деп билдиришкенин кошумчалады.

«Алмазбек Атамбаевге жана мага коюлган дооматтар негизсиз» деп билдирди Сагымбаев.

УКМК ал күнү эки жүздүү тапшырма бергенин, «Альфачыларга» экс-президентти кармагыла деп, ал эми өзүнө жансакчы катары «Атамбаевди кайтар» дегенин айтты.

7-8-августта өзү атайын отряд жоокерлеринин ишине тоскоол кылбаганын, экс-президентти кайтарып өз милдетин так аткарганын белгиледи.

Ошондой эле атайын отряд мурдагы президентти эч кандай жоготуусуз кармап кете алмактыгын айтты.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган. Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

7-сентябрдагы Кой-Таштагы атайын операция учурунда Үсөнбек Ниязбековго ок тийип,алган жаракатынан ооруканадан каза тапкан.

Улуттук коопсуздук комитети Канат Сагымбаевди 20-октябрда кызматтан алган.

Сагымбаев буга чейин УКМКнын алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын штатында туруп, мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп келген.

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Атамбаевдин жанында болгон. Сагымбаев азыр — абакта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты